Шанхай кызматташтык уюму кеңейүүгө багыт алды
Новость president.kg

Аптанын маанилүү жаңылыктарынын катарын, Өзбекстанда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммити толуктады. Серепчилер андагы билдирүүлөрдүн жарымы эле жакынкы арада ишке ашса, анда бул саммит тарыхый болуп калаарын айтышууда. Ал эми уюмдун алкагы болсо кеңейип эмдиги жылы Астанадагы жыйынга Индия менен Пакистан толук кандуу мүчө катары катышаары күтүлүүдө.

Ташкентте көп убакыттан бери эл аралык ири иш-чаралар өтө элек эле. Андыктан өзбек бийлиги бул жолу Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине олуттуу көңүл бурган. Шаардын негизги трассалары оңдоодон өткөрүлүп, ремонт иштери иш-чара башталаарга аз убакыт калганда башталды дейт жергиликтүүлөр.Мындан сырткары коопсуздукту камсыз кылууга олутуу көңүл бурулду. Шаар бийлиги күнүмдүк каттамдагы бардык автобус, маршруттук таксилерге борборго кирүүгө тыюу салган. Автотранспорттордун калаанын борбордук бөлүгүндө жүрүүсүнө да чектөө киргизилген. Бирок бул ыңгайсыздыктардын бардыгына шаардыктар түшүнүү менен мамиле кылууда. POST1RIGHT

Коноктордун кечки эс алуусу да эске алынган. Негизги жыйын башталардан бир күн мурун саммиттин маданий бөлүгү орун алып, анда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларына бул өлкөнүн исскусство чеберлеринин өнөрлөрү тартууланды.

Алмазбек Атамбаев президенттик кызматында Өзбекстанга биринчи жолу келип отурат. Буга чейин өлкө башчынын саммитке катышар-катышпасы ачык маселе болуп турган. Ушул жылдын жаз айларында эки мамлекеттин мамилеси кескин начарлап кеткен. Себеп Ташкент чек арадагы такталбаган аймакка оор техникасын киргизип, бир нече күн кыргыз тараптын кайрылууларын жоопсуз калтырган. Алмазбек Атамбаев коңшулардын мындай мамилесинен улам саммитке барбай турганын билдирип, мына ушундан кийин Өзбекстан оор техникасын жана аскерлерин аймактан чыгарып кеткен. MEDIA1LEFT

Эми жаздагы кескин солгундаган эки тараптуу мамилелердин бардыгы артта калгандай. Биринчи жолу Атамбаев менен Каримов топтолгон маселелерди бетме-бет отуруп сүйлөштү. Акыркы жолу алар үч жыл мурун Бишкекте, Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынынын алкагында жолугушкан.Саммит салтка айланып калгандай бирдиктүү сүрөткө түшүү менен башталды. Азырынча жыйынга катышып жаткан алты Президент. Бүгүн Ташкентте уюмду кеңейтүү маселеси негизгилерден болуп талкууга алынды.

Негизи Шанхай кызматташтык уюму 1996-жылы түзүлүп “Шанхай бешилиги” деп аталган. Ал чек арада аскер күчтөрун азайтуу жана Кытай менен чек ара маселелерин жөнгө салууга багытталып түзүлгөн. Коюлган максаттар ишке ашып, 2001-жылы уюмга Өзбекстан мүчө болуп кирген. Алтынчы мамлекет кошулгандан кийин биримдик Шанхай кызматташтык уюму болуп кайрадан түзүлгөн.

Алакалары солгун болуп турган Индия менен Пакистанды Шанхай Кызматташтык Уюмуна кабыл алуу жыйындын негизги маселелеринен болду. Орусиянын президенти Владимир Путин Тегерандын арызын канааттандырбай коюуга учурда эч бир негиз калбаганын белгиледи. Ал эми саммитке төрагалык кылган өзбек президенти Ислам Каримов бул маселе боюнча пикир келишпестиктер көп болсо да, уюм мүчөлөрү бир пикирге келишкенин билдирди.

Индия жана Пакистанды кабыл алуу менен уюм Азиядагы калктын 3/2 бөлүгү жашаган өлкөлөрдү өзүнө камтыйт. Мындан сырткары ШКУ мамлекеттеринде дүйнөдөгү алтын корунун жарымынан көбү жайгашкан. Ал эми уюмга Иранды кабыл алуу менен ШКУ Азиянын дээрлик 70% жана Европанын 40 пайыз аймагын көзөмөлдөйт. Муну менен евразиядагы транзиттик багыттардын көпчүлүк бөлүгүнө монополист катары көзөмөлдөөгө өтөт.

Мамлекет башчылар Ооганстандагы абалды талкуулоого да өзгөчө көңүл бөлүштү. Ал жерде кырдаал начарлап, талиптер уюкташып баратканы айтылды. Ооганстанда экстремисстердин саны 60 миңге жетип, алардын 10 миңи Ислам мамлекети тобунуну мүчөлөрү.Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Индия жана Пакистанды уюмдун толук укуктуу мүчөсү катары кабыл алууну колдой турганын айтты. Өлкө башчы Ирандын деле мүчөлүгүнө каршы эместигин билдирди. Мындан тышкары чек ара маселелерине токтолду.

Саммитте Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердигин жакшыртууга жана приоритеттүү тармактар боюнча кызматташууга багытталган маселелерди талкуулашты. Алар коопсуздук, терроризмге каршы күрөш, экономика жана гуманитардык байланыштар. Жыйынтыгында Президенттер 15-жылдык мааракелик саммитте уюмдун 2025-жылга чейинки пландарын камтыган Ташкент декларациясын кабыл алышып, Индия менен Пакистанды уюмдун толук кандуу мүчөлүгүнө алуу боюнча меморандумга кол коюшту. Мындан сырткары кызматташуу жаатында 10дон ашык документтер кабыл алынды. Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуу быйыл Казакстанга өтүп, кийинки жыйын 2017-жылы июнь айында Астанада өтмөкчү.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118