Сапаты төмөн жолдор курулуудабы?
Новость

Өлкөдөгү стратегиялык транспорт коридорлорун курууда колдонулуучу материалдардын сапаты талапка жооп бербейт. Бул тууралуу "Кыргыздортпроект" институтунун директору Жамшитбек Калилов “Биринчи радиого” билдирди. Буга битумдун Кыргызстанда өндүрүлбөгөнү себеп болууда. Ага карабастан акыркы жылдарда эл аралык маанидеги жолдорду куруу активдүү жүрүп жатат.

Учурда Балыкчы-Тамчы-Чолпон Ата-Корумду жолунун 35 чакырымын куруу иши кызуу жүрүп жатат. Өкмөт май айында Транспорт жана жол министрлигине чуулгандуу долбоордун Балыкчыдан Чолпон-Атадагы ат майданга чейинки аралыгын, сентябрда көл жээгинде өтө турчу 2-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына чейин бүткөрүү тапшырмасын койгон.

Деген менен кемчиликтерге карабастан Республиканын баардык аймагында жол куруу иши активдүү уланып жатат. Маселен өлкө аймагын бириктирип турган транспорттук коридорлор “Түндүк-Түштүк” жаңы автомобиль жолу, “Тараз-Талас-Суусамыр”, «Бишкек-Нарын-Торугарт» жана «Исфана- Худжанд» унаа жолдорунда куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Андан сырткары, быйыл өлкө боюнча өтө турчу ири иш-чараларга байланыштуу “Манас” эл аралык аэропортунун жолу баш болгон бир катар ички жолдорун жана ири шаардагы унаа жолдорун оңдоп-жамоо иштери жүрүүдө.

С. Идирисов, “Биринчи радио”