Интернет аркылуу башкаруу боюнча Борбор Азиядагы алгачкы форум Бишкекте уюштурулду. Иш-чаранын максаты- интернеттин Борбор Азиядагы орду жана маселеси тууралуу кеңири талкуу жүргүзүү. Форумга Беларусь, Россия, Молдовия, Армения, Тажикстандан адистер чакырылган.
Ааламдашуу мезгилинде дээрлик баардык тармак интернетке көз каранды. Өзгөчө жаштар интернетсиз жашоону элестете албайт. Айрым мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда интернет колдонуу эркин, чектөө жокко эсе. Маселен, Кытайда Google, Youtube, Facebookк же Skype болобу, баардыгына тыйуу салынган.
POST1RIGHT
Интернет колдонуучулар боюнча мыйзам долбоору учурда Россияда кызуу талкууланып жатат. Эгерде интернет аркылуу кимде ким жашыруун кылмыш жасаса, ал колдонуучунун өздүгү аныкталышы керек дейт демилгечи.
Интернеттин пайдалуу жагынын бири - мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө ачыктык камсыздалууда. Ошондой эле он-лайн сатып алуулар жана электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү убакытты үнөмдөйт. Эскперт-адистердин айтымында, ар бир интернет колдонуучу өз жоопкерчилигин сезе билиши керек.