Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстан аркылуу Сирияга кетүүнү көздөгөн эки чет элдик жаранды кармады. Атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлагандай, алардын бири 50, экинчиси 24 жашта.
Кармалгандар коңшу өлкөлөрдүн биринде издөөгө алынганы аныкталган. Маалыматка караганда, алар Кыргызстанга быйыл февралда чек арадан мыйзамсыз киришкен. 10-июнда колго түшкөн эки адамга Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси - “Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” боюнча кылмыш иш козголду.