Түп-Кеген жолунда курулуш иштери жанданды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHTЭл аралык мааниси бар Түп-Кеген жолунда курулуш иштери жанданды. Жолчулардын айтымында быйыл өкмөт тарабынан алтымыш миллион сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул өз кезегинде сегиз жылдан бери бүтпөй турган жолдун кырк чакырымын толук бүткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Күркүрөгөн оор техникалардын иштеп жатканы айылдыктар үчүн чоң кубаныч. Себеби 2008-жылы башталган жол курулушу бүтпөй турган. Үч жыл такыр эле токтоп, андан кийин жыл сайын болгону үч төрт миллион сом каражат гана бөлүнүп турган. Ага жарытылуу деле чакырымдар жасалчу эмес.
Жолчулардын айтымында, быйыл жалпы жетимиш алты чакырым жолдун кырк чакырымы толук бүткөрүлөт. Кошумча дагы жети жүз метр жерге бир катмар жаңы асфальт жаткырылат. Калган жумуштар өкмөттүн бөлгөн каражаты жана чечими менен ишке ашат. Бирок жолдун толук бүтпөгөнүнө карабай Казакстандан туристтер байма-бай каттап жатат.