Ысык-Көл районундагы экологиялык жана техникалык талаптарга жооп бербеген 10 пансионат жабылды. Бул эс алуучу жайлардын тазалоо курулмалары жок, мындан тышкары техникалык, экологиялык, энергетикалык жана өрт коопсуздугуна шайкеш келбегендиги себеп болду. Эми алар жай мезгилинде эс алуучуларды кабыл алууга жетишпей калды, эгер алар тиешелүү мекеменин берген көрсөтмөсүнө каршы иш алып барса, анда бул иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет дешет адистер.
Ишмердүүлүгү токтотулган эс алуучу жайлар бул жылы кардарларды кабыл алууга жетишпейт. Эгерде алар өзүм билемдикке бара турган болсо алардын иши укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилерин адистер эскертишет.
Г. Усенова, “Биринчи радио”