ЕАЭБтин талабына ылайык лабораториялар курулат
Новость

Учурда өкмөт Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына толук жооп берүү максатында лабораторияларды куруу иштерин жандантууда. Бул багытта маселе өкмөттүн кезектеги жыйынында каралып, тиешелүү мекеме жетекчилери иштин жүрүшү тууралуу малымат беришти. Жыйында  «Ак -тилек авто жолу» өткөрүү түйүнүндөгү жаңы көпүрөнүн курулуш боюнча дагы долбоор даяр болгону белгилүү болду.

Жыйында эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар иштемейинче экспортту жандантуу оор болоорун белгилеген өкмөт башчы маселеге жеңил-желпи мамиле кылбай, жоопкерчилик менен мамиле кылууну өкмөт мүчөлөрүнө тапшырды.

М. Абдраманова, “Биринчи  радио”