POST1RIGHTКоргоо кеңешинин жумушчу тобу социалдык өнүктүрүү министрлигинде коррупцияны алдын алуу боюнча негизги багыттарды аныктады.
Буга чейин эксперттик топ мекемеде коррупциялык көрүнүш орун алышы мүмкүн деген 8 зонаны жана 22 коррупциялык тобокелчиликтерди тапкан. Көбүнчөсү жөлөк пул берүү, майыптар маселеси жана бала асыроодон келип чыгары белгилүү болду.
Коррупциялык тобокелчиликтер социалдык өнүктүрүү министрлигинде башка мекемелерге салыштырмалуу азыраак. Бирок, алдын ала аткара турган бир топ иш чараларга муктаж. Коргоо кеңешинин эксперттик тобу мекемеден коррупция орун алышы мүмкүн деген ири 8 зонаны табышкан.