Васильевкада жер тилкелерин мыйзамсыз саткан айылдык кеңештин депутаттары кармалды
Новость

Чүй облусунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кызматкерлери кармалды. Алар айыл чарба багытындагы жер тилкелерди мыйзамсыз бөлүштүрүү, сатуу фактыларына шектелип жатканы кабарланды. 

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы тараткан маалыматка ылайык, 6-августта Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жер тилкелерин өзүм билемдик менен ээлеп алууга жана мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу максатында комиссия түзүлгөн. Алар тарабынан Василевка айылынын 6 контурда текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада айыл чарба багытындагы “айдоо” жана “жайыт” жерлерге бир катар мыйзамсыз курулуштар жүргүзүлгөндүгү белгилүү болуп, мыйзам бузуу фактылары аныкталган. 

Аталган факты Аламүдүн райондук милициясында катталып, жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу жана курулуш жүргүзүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жер тилкелер айрым депутаттар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз документтер даярдалып, курулуш жүргүзүүгө уруксат берилгени аныкталган. 

Ошентип Чүй облустук милициясы жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишине шектелип Васильевка айылынын жергиликтүү кеңешинин азыркы жана мурдагы 2 депутаты кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул кылмыш ишине катыштыгы бар адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.