Кыргыз-орус фонду 2014-жылы түптөлгөн
Новость ktrk.kg

POST1RIGHTКыргыз-орус өнүктүрүү фонду бүгүнкү күнгө чейин жалпы суммасы 95 миллион доллар турган долбоорлорду каржылады. 

Фонддун жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, ишкерлерге жеңилдетилген насыялар кандай шартта берилип жатканын жана кайсы тармактарга канча каражат бөлүнгөнүн билдирди. 

Кыргыз-орус фонду 2014-жылы түптөлгөн. Максаты - Кыргызстандын экономикасын ЕАЭБ шартына ыңгайлаштыруу жана өнүктүрүү болчу. Фонддун жалпы капиталы 1 миллиард доллар, бул каражаттын теңин Россия кайтарымсыз берди. Кайтарымсыз акчанын 100 миллион доллары жарым ай мурун которулуп, уставдык 500 миллион доллар толукталды. Эми бул каражаттар толук таратылып бүткөн соң калган бөлүгү насыя катары алынмакчы.