ИИМ: Коомдун коопсуздук маселеси
Новость

Ички иштер министрлиги өткөн эки кварталдагы иш жыйынтыктары жана алдыда аткарыла турган жумуштар боюнча коллегия өткөрүп, өзүнүн мындан аркы иш-аракеттеринин багытын аныктады. Бул тууралуу бүгүн министр Кашкар Жунушалиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, министрлик Кыргызстанда өткөн шериктеш мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммити учурунда коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кылды. 

Аны менен катар алдыда жайкы туристтик сезон, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, КМШ мамлекеттеринин өлкө башчыларынын саммити турганын, ага дагы милиция кызматкерлери даярдык көрүп жатканы белгиленди. 

Мындан сырткары күч органынын алдында азыр негизгилерден болуп “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу, элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу, милиция кызматкерлерин турак-жай жана башка шарттар менен камсыз кылуу, кадр саясаты сыяктуу чоң маселелер турганына токтолду. 

Ошондой эле министр патрулдук милициянын ишмердигине оң пикирлер, аны менен катар сын таккандар да көп болуп жатканын айтып, бул жааттагы реформа уланарын убада кылды.