Бүгүнкү күндө ветеринардык лабораторияларды оптималдаштыруу жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен азыр иштеп жаткан 28 лабораториянын ордуна 19 калат.
POST1RIGHT Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматына караганда, учурда республиканын ветеринардык диганостика жана экспертиза борборунун шаардагы 9 бөлүмүндө жана Ош аймактык борборунун 6 бөлүмүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
Бул максаттарга мамлекеттик инспекция 6 миллион сом бөлгөн. Мындан сырткары лабораторияларды калыбына келтирүү иштерин аткаруу үчүн тендер өткөрүлүп, подрядчик дагы аныкталган.
Ошондой эле, адистерди окутуу жана Талас, Баткен, Балыкчы, Караколдо заманбап лабораторияларды куруу үчүн техникалык документтерди иштеп чыгууга республикалык бюджеттен 37 миллион сомдон ашык каражат бөлүнүүдө.