«Ишкер Жумгал-2016» бизнес форуму
Новость KTRK/videograp

Бүгүн Жумгал районунда «Ишкер Жумгал-2016» бизнес форуму аяктады. Анын эки күндүк ишине россиялык, индиялык жана кытайлык меймандар да катышып, эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн айрым аспектилери күн тартибиндеги негизги маселелерден болду.

Жумгал районундагы «Түгөл сай» айылынын ишкери Кубатбек Муратбеков үч жылдан бери балык чарбасы менен алектенип келет. Башында элетке чоочун болгон бул ишти илгерлетип кетүү кыйла эле кыйын болгон. Азыр деле оош-кыйыштар бар. Бирок, башталган ишти таштап койгон да жарабайт.

Ал эми «Байзак» айылындагы курут цехиндегилер үчүн коңшулаш райондордун рыногун ээлеш чоң машакат. Мында продукцияны арбын өндүрүүгө бардык шарт болгону менен, аны дароо сатып-өткөрүүгө эч мүмкүн эмес.

Мына ушундай оор абалга туш болгон айылдык ишкерлерге жол көрсөтүү кызыкчылыгын көздөгөн бизнес форум эки күнгө созулду. Адегенде чет өлкөлүк инвесторлор Жумгал районундагы мындай ишканалардын жагдайына жеринде күбө болушту. Эртесинде өз ара кызматташуунун эки тарапка тең пайдалуу жактары талкууланды. 

Чынында эле эл аралык ишкерлер ассоциациясы негизги демилгечилеринен болгон бул бизнес форумда бир катар биргелешкен долбоорлор көзгө урунду. Албетте, алардын канчасы жүзөгө ашат? Азырынча ага көз ачыктык кылуу эрте. Бирок, ушу кезге дейре өздөрү менен өздөрү болуп келген элеттик ишкерлерге алда канча тажрыйбалуу өнөктөштөрдүн кызматташууга кол сунганы чоң утуш болуп жатат.

Форумда Жумгал районунун экономикалык потенциалы мыкты экендиги баса белгиленди. Антсе да, аны натыйжалуу пайдаланууга жергиликтүү ишкерлердин чама-чаркы чакталуу болуп турат.