Казакстандын Актөбө шаарында катталган окуядан улам шаарда терроризм коркунучунун жогорку деңгээли жарыяланды. Жекшемби күнү диний экстремизм коңшу Казакстанда катталып, баш багып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратты. Актөбө шаарында бүгүнкү күндө 2 курал-жарак дүкөнүнө, аскердик бөлүккө кол салып, 18 адамдын өлүмүнө себепчи болгон кылмышкерлерди кармоо операциясы жүрүүдө. Шаарда коомдук унаалар токтотулуп, тартип сакчылары тургундарды зарылчылык болбосо үйдөн чыкпай турууну суранышууда. Бул көрүнүш учурда кыргыз коомчулугун чочулатып турат. Кыргызстандык талдоочулар кындай коркунуч Кыргызстанда да бар экендигин эскертишет. Ал арада мамлекеттик чек ара кызматы Актөбөдөгү окуядан улам кыргыз-казак чек ара көзөмөлүнө кыраакылыгын күчөттү.