250 миң еврого медициналык жабдык алынды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT250 миң евро. Ушундай баадагы медициналык жабдык эне жана баланы коргоонун улуттук борборуна белекке берилди. Мындай жардам Германиянын “Зүверших фүр киндер ” фонду тарабынан болду. Акысыз тартууланган медициналык жабдыктын арты менен эми нерв оорулары менен ооруган балдарга толук кандуу операция жасалып баштайт.

Гидроцефалия же баш мээге суу толуп калуу. Он беш жаштагы Сезим мына ушундай дарт менен күрөшүп 1,5 айдан бери ооруканада. Оор операцияны баштан кечирген каарманыбыздын абалы азыр жакшы.
Назгүл Тиленбаева, Сезимдин апасы:

“Беш күндөн кийин чыгабыз Кудай буйруса. Андан кийин сентябрда окуубузду улантабыз. Баягы английскийге барып жүргөнбүз, дагы эле барабыз. Эми анча мынча бийлеп кызым, койо тургула дейт”. 

Нерв оорулары менен ооруган балдарга толук кандуу операция жасоо бөлүмүнүн ачылышы, балдардын бир жерде дарылануусуна мүмкүнчүлүк болот. Учурда эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 550 бала дарыланса анын 30дан ашууну нерв оорусу менен күрөшкөндөр. Бир жылда болсо анын саны 150 миңден ашат.