POST1RIGHTКыргыз-кытай биргелешкен долбоору өз жемишин берип баштады. Чүй облусунун Кемин районунда, эки өлкө аралык кызматташуунун негизинде жаңы курулган завод ишке кирди.
Азат кесиби боюнча инженер. Бирок окуу жайды бүткөндөн бери жумушу жок, ар кайсы жерди сүзгүлөп жүрүп, чарчаганда жумуштан үмүт үзүп, үйдө бош жүргөн. Көктөн издегени жерден табылып эми, өз айылындагы жаңы ачылып жаткан ишканага жумушка орношту.
“Жумуш издеп кайда гана барбадым. Эми жакшы болду үйүмдүн жанынан эле жумуштуу болдум. 15 күн иштеп, 15 кү эс алабыз. Жумуштун жеңили жок да, бирок баарын акырындык менен үйрөнүп иштеп жатабыз”.
Кемин районунун Орловка шаарындагы жаңы ишканага 150гө жакын жумушчу алынса, анын 70 пайызы жергиликтүү тургундар.
Белгилей кетсек, ишкана каттоодон өткөндөн бери эле 500 миң сомго чукул салык төлөдү жана Орловка шаарынын мэриясына жарык орнотууга 60 миң сом жардам берген. Эми буга кошумча социалдык пакет маселеси боюнча өзүнчө келишим түзүлөөрү каралууда.