Ош жана Жалал-Абад шаарларында 2 жаран сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ош шаарында Мирсатов көчөсүндө 17-июнда 42 жаштагы эркек киши Увам каналына кулап кеткен. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар анын жансыз денесин суудан алып чыгып, укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен. Ал эми Жалал-Абад шаарында 14-июнда 31 жаштагы эркек киши Кара-Суу дарыясына чөгүп кеткен. Учурда анын денеси табыла элек. Издөө иштерине 11 куткаруучу жана 5 милиция кызматкери тартылган.