EXPO "Made in Kyrgyzstan" деп аталган көргөзмө өз ишин баштады
Новость

Бишкекте EXPO "Made in Kyrgyzstan" деп аталган эл аралык көргөзмө өз ишин баштады. 

Иш-чара Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүп ага, 55 ата- мекендик өндүрүүчүлөр катышууда. 

3-4-июнда өтө турган эл аралык көргөзмөнүн максаты— жергиликтүү ишканалардын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, аларды эл аралык деңгээлге алып чыгуу. "Мындан сырткары, өнөктөштөрдү таап жана жергиликтүү товар өндүрүүчүлөргө инвестиция тартуу"- деп белгилеп өттү Экономика министри Арзыбек Кожошев.