Экстремисттер жаштарды интернет аркылуу азгырууга басым жасоодо. Бул тууралуу Бишкекте өткөн "Экстремизм жана терроризм боюнча идеяны жаштарга жайылтууга каршы аракеттенүү: Кыргызстан менен КМШнын тажрыйбасы" деген аталыштагы жыйында адистер билдиришти. Расмий маалыматтарга ылайык, 500дөн ашык кыргызстандык ар кандай террористтик уюмдарга азгырылып өлкөдөн чыгып кетишкен.
Маалыматка ылайык, өлкөдө 2 миңдин тегерегиндеги адам 17 диний -экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү, же жактоочулары экени айтылууда. Алар өздөрүнүн уюмдарына жарандарды тартуу иштерин экстремисттик сайттар, электрондук адабияттардан сырктары онлайн-режиминде интернет-имамдар, психологдор болуп дагы иштешет.Ал арада жергиликтүү серепчилер интернетке көзөмөлдү күчөтүү демилгесин колдоого алышууда. Айрыкча интернет аркылуу азгырыкка кыз-келиндер туш болуп жатат-дешет алар.
М. Абдраманова, “Биринчи радио”