Кыргыз армиясы күчтөндү (аудио)
Новость

Бүгүн Кыргызстан чакан бирок заманбап курал-жарак менен камсыз болгон куралдуу күчтөргө ээ. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев куралдуу күчтөрдүн 24-жылдыгы менен куттуктоосунда белгиледи. 29-май куралдуу күчтөрдүн күнүнө карата Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чара болуп өттү. 

Майрамдык салтанатка Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, Коргоо кеңешинин күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, ардагерлер жана аскер кызматкерлери катышты. Мекен коргоодо зор салымы үчүн бир катар аскер кызматкерлери президенттин кол сааты менен сыйланды.

Мамлекет башчысы аскердик тартипти бекемдөө боюнча аскер жетекчилигинин, жоокерлердин өмүрү жана ден соолугу үчүн аскер бөлүктөрүнүн жана бөлүмчөлөрүнүн колбашчыларынын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш экенине көңүл бурган.

С. Идирисов, “Биринчи  радио”

ФОТО: http://www.ktrk.kg