16-май күнү Чүй облусунун Орловка шаарында 8 жаштагы бала люкка түшүп кетип каза болгон. Кырсыктуу окуядан кийин шаар бийликтери бардык люктар бир аптанын ичинде жабылаарын айткан.
Люктун темир капкагынын бирөөсү 5 миң сом тургандыктан, бетон менен жапканга аргасыз болушууда. Бирок аны дагы жөн койбой уурдап кетишүүдө. Милиция азырынча мындай бетондор кимге керек болгонун таба элек. Бул учурда ачык люктан жабыр тарткандар көбөйүп жатат.
Орловка шаарынын жетекчилиги 1-июнга чейин бардык люктарды жабуу боюнча буйрук чыгарды. Аны шаардагы тиешелүү кызматтар четинен аткара баштады. Окуя болгон кичи райондун тургундары өз аймагына ишембилик өткөрүп, коопсуздук жагын текшерип оңдоп чыкканды көздөп жатышат. POST1RIGHT
Эгерде кимдир бирөө уурдалып жаткан люктардын дайнын билип көрсөтүп берсе, милиция ага сыйлык бергенге даяр экенин билдирүүдө.Биздин чыгармачыл топ кырсык болгон жерге барганда Орловканын суу жана жылуулук менен камсыздандыруучу өндүрүштүк бирикмесинин кызматкерлери иш үстүндө экен.
Орловка шаарынын жетекчилиги 1-июнга чейин бардык люктарды жабуу боюнча буйрук чыгарды. Аны шаардагы тиешелүү кызматтар четинен аткара баштады.
Окуя болгон кичи райондун тургундары өз аймагына ишембилик өткөрүп, коопсуздук жагын текшерип оңдоп чыкканды көздөп жатышат. Эгерде кимдир бирөө уурдалып жаткан люктардын дайнын билип көрсөтүп берсе, милиция ага сыйлык бергенге даяр экенин билдирүүдө.