Бардык мыйзамдар бирдиктүү кодекске бириктирилет
Новость KTRK/videograp

Өлкөнүн бүтүндөй бюджет чөйрөсүндөгү бардык мыйзамдар бирдиктүү кодекске бириктирилет. Буга багытталып жаңы иштелип чыккан Бюджет кодексине жана бул "кодексти ишке киргизүү жөнүндөгү” мыйзамга Президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Жаңы өзгөртүүлөр бюджет процессин оптималдаштырууга жана өлкөнүн бюджет мыйзамын жакшыртууга багытталган. 

Буга чейин Кыргызстандын атайын Бюджет кодекси болгон эмес. Казакстан, Россия, Грузия сыяктуу коңшу өлкөлөрдө бул документ эбак эле ишке кирген. Мамлекетке мыйзам ченемдеринин бирдиктүү комплексин түзүүнүн кандай зарылчылыгы бар деген суроо жаралат?
POST1RIGHT
Бюджет кодексин 6-апрелде парламент көпкө созулган талкуудан кийин кабыл алган, документке Президент Алмазбек Атамбаев 16-майда кол койду. Бирок мыйзам адаттагыдай он күндөн кийин эмес, кийинки жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Кодексти иштеп чыккандар ага оң натыйжа берүүгө багытталган укуктук-нормативдик актылардагы бардык принциптер камтылганын айтышууда.
MEDIA1LEFT
Бюджет кодексинин кабыл алынышы менен өкмөт ачык-айкын бюджет системасын түзүү, анын экономикалык өнүгүүгө түрткү болгон, бюджет чыгымдарынын натыйжалуулугун жакшыртуу боюнча стратегиялык милдетти чечет.

Дагы бир артыкчылык- буга чейин милдеттүү камсыздандыруу фондунун бюджети республикалык бюджет менен кошо кабыл алынчу. Эми бул маселе өзүнчө мыйзамдар аркылуу каралмакчы. Эсептөө палатасына өзүнүн бюджетин өзү түзүүгө өзгөчө ыйгарым укуктар берилип жатат. Бул орган бюджеттик мекемелерди текшерүүгө алгандыктан, ага көз карандысыздыкты камсыздоо зарыл. Мындан сырткары өлкөнүн тышкы карызынын көлөмү Ички Дүң Өнүмгө карата белгиленет. 

Ошондой эле мыйзамдарга бюджеттик резерв сыяктуу механизм киргизилүүдө. Муну айрым учурларда боло жүрчү ар кандай өзгөчө кырдаалдар учуруна даярдык десе болот. Укуктук-ченемдерди ишке киргизүүгө Дүйнөлүк банк Евробиримдик, Улуу Британия, Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык маселелери боюнча бюросу менен биргеликте көмөк көрсөтөт.