Кургак учук оорусун жуктургандар арбыды
Новость KTRK/videograp

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча бир секундда бир адам кургак учук оорусун жуктуруп алат. Ал эми ар бир 20 секундда кургак учуктан бир адам көз жумат. Бул коркунучтуу оору менен ден соолук сакчылары тынымсыз күрөштө. Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда рентген аппарты иштебей калганып, дартты аныктоо маселеси курч.

Жалал-Абад областык кургак учукка каршы күрөшүү борборуна коюлган бул аппарат 1999-жылдан тарып иштеп баштаган.Бул апарат менен күнүнө 20дан ашуун бейтапты текшерүүдөн өткөрүп турган.Бирок апарат 2014-жылдан тарып бузулуп иштебей токтоп калган.
Бурулкан Кадырова, Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору: POST1RIGHT

"Анан биз оңдотолу деп аракет кылдык.Мурда бул апаратты Казакстандан адистер келип оңдоп турчу.Азыр чакырайлы десек өтө эле кымбат айтып жатышат. Диагноз кылып берүүсү эле бир топ акча экен. Мен бул маселе менен жылдын башында саламаттык сактоо министирлигине кайрылдым, бизге жаңы заманбап рентген апарат алып бериңиздер деп".
Мындагы имараттар 1958-жылдартан тартып курулган.Айрымдарынын өтө эле эскилиги жетип чатырларын алмаштыруу керек болуп турат.Өткөн жылы урология,өпкө жана клиникалык лаборотория бөлүмдөрүнүн имарат чатырларын жаңылашкан. :Борбордо мындан башка кызматкерлер менен бейтаптарды түйшөлткөн маселер да бар.Жамгыр жааган күндөрү мындагы жолдордон басып болбойт.
Жалпысынан бул кургак учук борбору 370 орунга ылайыкташкан.Учурда 282 бейтап бар.Булардын 36сын жаш өспүрүмдөр түзөт.
Саламаттыктын сакчылары белгилегендей өткөн жылга салыштырмалуу кургак учук оорусуна чалдыккандардын саны өскөн. Көбүнчө бул ооруну жуктуруп алгандар Россиядан иштеп келген мигрант жарандарыбыз. Өткөн жылдын 1-кварталында 180 жаран табылса, ушул жылдын 1-кварталында эле 231 жаран табылган. Жаш өспүрүмдөр арасында да өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүч өскөн.
Ал эми өткөн жылы 3 миллион 135 миң 515 сомго кургак учуктун туруктуу формасын аныктай турган аппарат алынып келинген. Облустагы бирден бир жалгыз аппарат десек болот.
Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна республикалык бюджеттен быйылкы жылы 67миллион 51миң 700 сом бөлүнгөн.Мунун 36 миллиондон ашууну айлык маянага. Ремон иштерине деп 2 миллион 500 миң сом каралган.Адистер болсо мындагы маселелерди чечүүгө бул акча каражыты жетишсиз экенин белгилешет.Борбордо жалпысынан 260 кызматкер эмгектенет.