“Балыкчы -Чолпон-Ата - Корумду” жолу экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыша чейин бүткөрүлөт. Өкмөт башчы тиешелүү тараптарга Тамчы-Чолпон-Ата жолун курууну тездетүүнү тапшырды. Эске салсак, 2 млрд 600млн сомго эсептелген долбоорго буга чейин 100 млн сом бөлүнгөн. Дагы кошумча 500 млн. сомду бөлүп берүү маселеси бүгүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети тарабынан колдоо тапты. Каржы министрлиги бул каражат жакын арада дарегине жетээрин билдирди.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Унаа жана байланыш министри Замирбек Айдаровду кабыл алды. Анда өлкөдөгү жолдорду оңдоо, куруу долбоорлору тууралуу сөз болуп, өзгөчө көңүл “Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду” жолунун курулушуна бурулду. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков биринчи кезекте жолдун 35 чакырымын бүткөрүүнү тапшырды.
Премьер-министр: POST1RIGHT
“Тилекке каршы, бул жолдун курулушу каржы булагы аныкталбастан, башталып калган. Бүт коомчулук бизден бул долбоордун маселесин кандай чечет деп күтүп жатат. Албетте, каржы булагы жок деген сыяктуу себеп менен бул долбоорду токотуп койсок болот эле. Бирок, жоопкерчиликти моюнга алып, бул жолду бүтүрүшүбүз керек”.
Быйыл көгүлтүр көл жээгинде, өлкө үчүн маанилүү делген экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөрүлөт. Андыктан салынып жаткан жолдун курулушу сентябрь айына чейин бүткөрүлүшү керек.
Эркинбек Осоев, Унаа жана байланыш министринин орун басары:
“Көчмөндөр оюнуна байланыштуу Тамчыдан башталып, Чолпон-Ата шаарына чейинки аралык, жолдун эң негизги бөлүгү болуп саналууда. Ошондо Чолпон-Атадагы ат майданына чейинки жол болуп эсептелинет. Андыктан бул жол маанилүү иш чараны ийгиликтүү өткөрүү үчүн быйыл бүткөрүлөт”.
Узундугу 104 чакырымды түзгөн жолдун 35 чакырымы - Тамчы аэропортунан башталып, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданына чейинки аралыкты камтыйт. Эске салсак, долбоордун жалпы суммасы 2 млрд 600 млн сом. Анын учурда 100 млн сому гана бөлүнгөн. Дагы 500 млн сом бөлүү маселеси Жогорку Кеңештин кароосунан өткөн соң, жакынкы убакытта Каржы министри бул сумманы жол куруу долбооруна бөлөөрү күтүлүүдө.
Эркинбек Осоев, Унаа жана байланыш министринин орун басары:
”Келишим боюнча Балыкчы - Корумду жолу 2017-жылдын 31-декабрына чейин бүтүшү керек. Мындан сырткары, 1-августка чейин Тамчы - Чолпон-Ата жолун бүтүрүү каралган. Ал жолдун узундугу 35-38 чакырымды түзөт. Убакыт созулгандыктан буюрса 30-августка чейин бүтөлү деп турабыз. Калганын Көчмөндөр оюнунан кийин уланта беребиз".
Өкмөт башчы тез аранын ичинде бүткөрүлүүчү ат майданына чейинки жолду курууга дагы кошумча 1 млрд 800 млн сомду караштыруу тапшырмасын койду. Учурда болсо жолду кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Бул багытта 60 пайыз иш бүткөрүлгөн. Бирок негизги жумуш асфальттарды сыйрып, кайрадан оңдоп чыгуу. Андыктан канча пайыз жумуш бүткөнүн так айтуу мүмкүн эмес.