Оштогу эстакадалык жолду куруп бүтүрүү соңку эки айдагы жаан-чачындуу аба-ырайына байланыштуу кечеңдөөдө. Адистерди айтымында, жол куруу атайын эреже, тартиптердин сакталышын талап кылат. Бирок жөө адамдар үчүн каралган кең жол аркылуу оор жүк да ташылып, каттамдын сапатын кетирүүдө.
Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнү курууда майда дүкөн, соода жана башка жайлар сыяктуу 35 объект бузулган. Алардын ээлерине компенсация катары 100 млн. сомдон ашуун акча каражаты мамлекеттин эсебинен төлөнүп берилген. Көпүрөнүн узундугу 265 метр, жалпы кеңдиги 24 м, анын ичинен автоунаа жүрүүчү жол 4 тилке болуп, кеңдиги 19,5 метр, ал эми жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдун кеңдиги эки тараптан 1,5 метрди тузот.
Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнү куруу ишинде баардык талаптар толугу менен сакталып, мүчүлүштүктөргө жол берилген эмес. Мындай бүтүмгө экотехинспекция кызматынын адистери келген. POST1RIGHT
Осмонбек Курманбеков, Ош шаардык экотехинспекциянын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы:
"Көпүрө толугу менен талаптарга жооп берет.Биринчи этабын кабыл алганбыз. Расмий турдө. Калган эки этабы журүп жатат".
Бүткөн ишке сынчы көп демекчи, калк арасына “көпүрөнүн кээ бир жерлери урай баштаптыр”,- деген кеп тараган. Адистер, мындай абалга жөө жүрүүгө ылайыкталган жол аркылуу оор жүктөрдүн өтүүсү алып келгенин билдирди. Жол ири соода түйүнүнө жакын жайгашкандыктан, соодагерлер атайын жүк ташуучу айланма жол аркылуу эмес, бул тепкичтер аркылуу жүктөрүн алып өтөт.
Курулуштун үчүнчү этабын ишке ашуруу мүмкун болбой турат. Анткени, сейсмотуруктуулукту бекемдөөчү сырье 25 градустан жогорку температурада төшөлүүсү шарт. Жыйынттыктоочу курулуш иши аба-ырайынан көз каранды болууда.
Эстакадалык көпүрөнүн курулушу 2014-жылдын 28-майында башталган. Курулуш иштерине Россиянын гранттык каражаттарынан 667 млн сом бөлүнгөн.