Экстремизм менен кылмыштуулукка жол жок
Новость internet

Бишкекте “Келечек биздин колубузда. Экстремизм менен кылмыштуулукка жол жок” - деп аталган форум өттү. Иш чаранын максаты исламды жамынып экстремизмге азгырылып жаткан жаштарды токтотуу. 

Ошол эле учурда соңку учурда жашы жете электерге карата зордуктоо учурлары көбөйүп жатканы, үй-бүлө зордугу өкүм сүргөн көрүнүштөр арбып жатканы да маалым. 

Мындан улам маселени ийри отуруп, түз кеңешүү максатында ички иштер министрлиги уюштурган форумга муфтият кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдары, Бишкек шаарынын мэри, мектеп окуучулары, мугалимдер жана калаа тургундары катышты. 

Жыйындын катышуучуларынын айтымында интернет аркылуу согуштук аракеттер болуп жаткан өлкөлөргө жихадга кеттим дегендердин көбү жаш балдар болуп жатат. 

Бул максатта мекемелер ортосунда тыгыз байланышта иш алып баруу, түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл экени белгиленди. Муну менен катар жашы жете электер арасында ар кандай терс кадамдарга баруунун алдын-алуу керектиги да айтылды.