Абактан чыккан Нариман Түлеев күнөөсү жок экенин айтып, эл аралык сотторго кайрылууну көздөп жатат. Паракорлук боюнча айыпталган экс-мэр маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. 4 жыл мурда камакка алынып жатканда өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп баалаган эле. Эми бул оюнан кайтып, өзүнүн абакта отурушуна Данияр Нарымбаев менен Канатбек Турганбековдун акча өндүрүү аракети себеп болгонун айтууда.
Нариман Түлеев 7-май күнү бошотулган. Мөөнөтүнөн мурда кое берилишине ага карата колдонулган мунапыс жана мамлекетке келтирген зыяндардын ордун толтурушу себеп болгону айтылган эле. Көпчүлүктүн баамында 61 миллион сомго жакын каражатты төлөп бериши экс-мэрдин коюлган айыптарды мойнуна алганынан кабар берет. Бирок, Түлеев дагы деле өзүнүн ак экенин айтууда. Болгону мурда кайталап келген саясий куугунтук тууралуу сөз козгогон жок. Өзүнүн абакта жатып чыгышына экс-чиновниктердин акча өндүрүү аракети менен байланыштырды. POST1RIGHT
Түлеев айыптап жаткан Данияр Нарымбаев мурдагы мэрдин жакындарынан камактагы мүлктөргө байланыштуу сот чечимин алардын пайдасына чыгартуу үчүн пара талап кылды деген негизде абакта жатат. Ага Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Хаджимурат Көркмазовдун көрсөтмөсү себеп болгон. Экс-депутат Түлеевдин кызынан ортомчу катары 100 миң доллар алып жаткан учурда кармалып, акчаны Нарымбаевге алып барып берээрин билдирген. Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшундө президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси экс-мэрдин кызы менен бир нече ирет жолукканы кабарланган. Ал эми Нариман Түлеев Данияр Нарымбаев өзүнө да бир нече ирет жолугуп, акча талап кылганын айтууда.
Ошентип, экс-мэр өзүнө коюлган айыптарды дагы деле четке кагып, эл аралык сотторго кайрылаарын айтууда. Бирок, коомчулукта анын каражаттарды кайтарып берип, боштондукка чыгышы күнөөсүн кыйыр түрдө мойнуна алганынан кабар берээрин айткандар дагы деле басымдуу. Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев бул коррупцияга каршы күрөштөгү жетишкендик экенин, эч ким кечирим сурап, айыбын түздөн-түз моюндабастыгын белгилейт.
Бирок, көпчүлүктүн баамында 61 миллион сомду мамлекетке төгүү менен Нариман Түлеев жакыр болуп калбайт. Ал бир учурда өзүнүн байлыгы 100 миллион долларга барабар экенин айтканы бар.
Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”