Райимберди Дүйшөнбиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду.
Райимберди Дүйшөнбиев 1995-жылы Алма-Атадагы чек ара боюнча окуу жайын аяктаган. 1997-жылы Россия Федерациясындагы чек ара академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолун Нарын чек ара отрядындагы “Торугарт” чек ара заставасынын башчысынын орун басары болуп иштөөдөн баштаган. 1997-2011-жылдары бир катар офицердик кызматтарды аркалап, чек ара бөлүмдөрүн жетектеген. 2011-жылы август айында Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын башчысынын орун басары болуп бекиген. 2013-жылдын ноябрынан баштап, 2014-жылдын февралына чейин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин убактылуу аткарып турган. 2014-жылдан тартып, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы кызматын аркалап келген.