Жеткиликтүү турак-жай долбоорун ишке ашыруунун 2-этабы башталды
Новость KTRK/videograp

Мамлекеттик ипотекалык компания "Жеткиликтүү турак жай" программасын ишке ашыруунун экинчи этабын баштады. Бул тууралуу компаниянын жетекчи орун басары Нуржигит Үсөнакун билдирди.

POST1RIGHT

Учурда ипотекалык насыя алууну каалагандардын тизмеси такталууда. Экинчи этапта ипотека алуучу 800 адамдан тизме түзүлөт. 

Биринчи этапта тизмеге 185 адам кирген. Жакынкы аралыкта жеткиликтүү турак жай куруу программасына өлкөнүн башка аймактары да камтылмакчы, бул аракеттерге банк системасын тартуу аракеттери уланууда. 

Программа боюнча ипотекалык насыя жылына 12 пайыз үстөк менен берилет, аны төлөп кутулуу мөөнөтү 15 жылга чейин эсептелген. Программа боюнча курула турган турак үйдөн батир алуу - чарчы метрине 600 доллардан ашпайт.