Россия: кыргызстандык мигранттарга жеңилдиктер каралды
Новость

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулгандан кийин, Россиядагы кыргызстандык мигранттарга бир топ жеңилдиктер каралган. Мекендештерибиз ишке оңой орношуп, маянасы жогору кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Бирок мындай мүмкүнчүлүктү башка улуттун өкүлдөрү да пайдалангысы келип, кыргыз паспортуна көз арткандар бар.

Кыргыз мигранттары ЕАЭБ аймагында өз өлкөсүндө жүргөндөй эркин иштей баштады. Кыргыз жарандары квотасыз ишке орношо алат, тил сынагы да жокко чыккан. Мурункудай уруксаат кагазы, патенти жок эле ишке орношот. ЕАЭБ боюнча жетишилген келишимдерге ылайык, отуз күнгө чейин каттоого турбай жүрсө болот. Алыста жүргөн мекендештерибиз буга чейин түйшүк жараткан маселелердин жоюлганына ыраазы.
Азыр документ тууралаган оңой болуп калды. Азыр убактылуу каттоо керек, алты ай күтүш керек. Анан 3 жылга чейин күтүш керек. Жеңилдиктер патент жоюлду. Келишим менен жакшы.
Соңку кезде Россиядагы мигранттар арасында кыргыз паспортунун кадыры жогорулаган. Коңшу өлкөнүн жарандары жеңилдиктен пайдалангысы келип, кыргыз iD паспорттору жасала баштаган. POST1RIGHT
Акыркы жарым жылда Россияда жогорку сапаттагы жасалма кыргыз паспорттору катталган. Кыргыз паспортун алып жүргөн адамдар Кыргызстандын эмес башка өлкөнүн жарандары болуп чыккан.
Интернет желесинен өзбек жана тажик жарандарына Кыргызстандын паспортун жасап беребиз деген билдирүүлөрдү тапса болот. Алдамчылык менен шугулдангандар сапаты жогору паспорт даярдап, документтин жасалма экенин аныктоо кыйын. Тиешелүү кызматкерлер текшерүү иштери менен алектенип жатат.
Самат Токтоболотов, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин атташеси:

“Жасалма документ боюнча көрүнүш жарым жыл мурун башталган. Азыр иш алып барып жатабыз, паспорт чыккан жерден справка сурап атабыз. Бирок кармалгандар аз, аларды аныктоо оор, абдан жакшы сапатта жасалат экен. Аппарат бар ошону менен текшерип атабыз.”
Паспорттон тышкары документтерге жасалма мөөр баскан жана башка миграциялык иштерди жайгарган топтор бар. Алардын айрымдары кармалган.
Кыргыз мигранттарына болгон артыкчылыктар башкалардын көз жаздымына калган жок. Адистердин айтымында, документ жасаган топтор кыргыз паспортун сатып алышы мүмкүн же кандайдыр бир жол аркылуу көчүрмөсүн колдонот.