Өлкөнүн Коргоо кеңеши Президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги астында кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда мамлекеттин чек араларындагы абал жана жаза аткаруу системасындагы көйгөйдү камтыган эки тема талкууга чыгарылган.
Жыйында Чек ара кызматынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, чек арачылардын потенциалын көбөйтүү, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана чек ара аймактарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилген.
POST1RIGHT
Булар тууралуу жыйын соңунда Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров маалымат берип, ал жаза аткаруу тутуму боюнча- кеңештин жыйынында түрмөлөрдөгү көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү чечими кабыл алынып, конкреттүү тапшырмалар берилгенин айтты. Анын ичинде абакта жаткандарды өзүнчө кармоо, өндүрүштү жандандыруу, иш менен камсыз кылуу жана тарбия, оңолууга багыт алуу маселелери камтылган.
MEDIA1LEFTКоргоо кеңеши кезектеги жыйынына алып алып чыккан эки маселени тең олуттуу деп баалоого болот. Алгач мамлекеттик чек арадагы абал талкууланды. Анда чек ара кызматынын потенциалын жогорулатуу, коопсуздукту камсыз кылуу жана чек араны натыйжалуу кайтаруу боюнча комплекстүү чаралар иштелип чыкканы белгилүү болду. Булар тууралуу жыйын соңунда Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров маалымат берди.
Жумакадыров чек арага жакык аймактарда социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу маселесине да кеңеште өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.
Коргоо кеңешинде акыркы кездерде чек ара жаңжалдары азайганы айтылып, бул багытта аракеттерди дагы да улантуу көрсөтмөсү берилген. Темир Жумакадыров ошондой эле, делимитация жана демаркация иштери жаңы деңгээлге чыгарыларын белгиледи. Кеңеште каралган экинчи маселе Жаза аткаруу системасында кечиктирилгис чараларды көрүү. Өлкөнүн эгемендик тарыхында бул маселе биринчи жолу жогорку деңгээлде каралып жатат.
Жумакадыров былтыр күздө №50-абактан качкан кылмышкерлердин окуясы- жаза аткаруу тумунундагы реалдуу абалды көрсөтүп койгонун белгиледи. Айтымында ушул окуялар жана андан башка фактылар жакшылап талданып, маселенин өзөгү аныкталып, ошого жараша чаралар көрүлөт. Коргоо кеңешинде кабыл алынган чечимдерди кыска убакыттын ичинде ишке ашырып, алдыга жылуу негизги максат экени белгиленди.