Майрамдарда милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт
Новость internet

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык алдыдагы майрамдарда Бишкекте эки миңден ашык милиция тартип сакталышына көзөмөл салып турат. Мындан сырткары коомдук тартипке көз салууга 5 жарым миң ыктыярчы да тартылат. 

9-май күнү “Ала-Тоо”, “Жеңиш” аянттарында, “Ак-Кула” ат майданында жана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2 миңден ашык тартип сакчысы иштейт. Жалпысынан 30-апрелден 10-майга чейин укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде иш алып барат.