Өпкө оорусун алдын-алуу
Новость neboleem.net

Бүгүн Кыргызстанда “Флеш эйр” аттуу долбоордун бет ачаары болду. Илимий-изилдөөчү инновациялык программа өпкө ооруларынын өнөкөт ооруларын алдын алуу, аныктоо жана дарылоого иштелип чыккан. 

Өлкөдө профессор Талант Сооронбаевдин башчылыгында эл аралык талапка жооп бере алчу жаш дарыгерлердин жана илимий-изилдөөчү кызматкерлерден топ түзүлгөн. 

Куралган топ Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун пульмонология бөлүмүндө ачылды. Бул окумуштуу топ Вьетнам, Уганда, греция, Нидерланд жана башка Европа өлкөлөрүнүн жана АКШ өпкө ооруларын изилдөөчү окумуштуулар менен кызматташат. 

Кыргызстанда өпкө ооруларынан каза болгондор жогорку көрсөткүчтө турат. Көп жарандар маалыматтын жетишпегенинен, дарттын алдын алууга жана дарыланууга мүмкүнчүлүк жоктугунан улам илдеттен көз жумат.