Электр өткөрүү линияларын курууга насыя алуу ЖКде каралат
Новость

CASA-1000 долбоорунун алкагында электр өткөрүү линияларын курууга насыя алуу Жогорку Кеңеште каралат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин адистери билдирүүдө. Маалыматка ылайык, Кыргызстан 7-июлга чейин келишимди ратификациялап бүтүшү керек. Эске салсак, бул багытта каражатты Дүйнөлүк жана  Ислам өнүктүрүү банкы берүүгө даяр экени маалымдалган. 

«CASA-1000» долбоору Кыргызстан үчүн өтө чоң манигээ ээ болуп саналат. Анткени бул долбоор жай мезгилинде Афганистан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк бермекчи. Маалыматка ылайык,  Кыргызстан 400 чакырымдай линияларды өткөрүүсү  керек, бул болжол менен, 200 миллион долларга айланат. Буга чейин маалымдалгандай, бул багытта каражатты Дүнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана бир катар башка мекемелер берүүгө даяр. Азыр бул маселе Жогорку Кеңеште каралып, 7-июлга чейин бардык ратификация иштери бүткөрүлүшү керектигин Экономика министрлигинин башкы адиси Марат Жээнбеков  маалымдады.  POST1RIGHT

CASA-1000 долбоорунун алкагында жайында Кыргызстан жана Тажикстандан электр энергиясы Афганистан менен Пакистанга экспорттоло баштайт. Азыркы учурда Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлуктөрүн арттыруу максатында аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашуу түзүүнүн алгачкы жол-жоболору аткарылууда. Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев билдергедей, сөз болуп жаткан долбоор ойдогудай ишке ашып калса, жергиликтүү компанияларды бутуна тургузууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кыргызстан электрэнергиясын Пакистан жана Ооганстанга сатуудан жылына 90 миллион долларга чейин пайда көрүү ниетинде экенин Айбек Калиев кошумчалады. Ал Экспорттон түшкөн каражат кайда  жумшалары тууралуу буларды айтат.

Эске салсак, КАСА-1000долбоору май айынан тарта ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу өлкө  башчы Алмазбек Атамбаев дагы чет элдик элчилерге ишеним грамоталарын тапшыруу салтанатында билдирген эле. 

Ошентип  Кыргызстан электр энергиясын Пакистан жана Ооганстанга CASA-1000 долбоорунун алкагында сатууну көздөп жатат. Электр зымдарынын курулушу май айында башталмакчы. Ал арада жергиликтүү серепчилер бул ири долбоор эки ири аймакты - Борбор Азия менен Түштүк Азияны бириктире турган жалпы энергетикалык рынокту түзүү боюнча чоң программанын алгачкы баскычы болуп каларын айтышууда. Эксперт Бекбоо Маматбеков азырынча өлкөнүн электр энергиясын экспорттоого шарты  жок болгону менен келечекте ага да мүмкүнчүлүк  түзүлөрүн эске салсат.

“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу менен, Кыргызстан электр энергиясын Пакистанга, Ооганстанга жана башка өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк алат. Кытайдан Кыргызстан аймагы аркылуу өтүүчү темир жолдун курулушунун алкагында Тажикстан аркылуу Ооганстан тарапка темир жолун куруу пландаштырылууда. Бул долбоор жакынкы коңшулар, анын ичинде Пакистан аймагы менен экономикалык байланыштарды бир топ бекемдетет-дешет жеригиликтүү серепчилер.

М.Абдраманова, “Биринчи радио”