КТРКнын "Мээрим" көрсөтүүсү жүзүнчү баланын кыялын орундатты
Новость KTRK/videograp

Коомдук биринчи каналда үч жылдан бери чыгып жүргөн “Мээрим” программасы ата-эне мээриминен ажыраган балдардын тагдырын көрсөтүү менен алардын муктаждыктары менен кыялдарын орундатып келет. Көрсөтүүнүн чыгармачыл тобу бүгүн жүзүнчү баланы тасмага түшүрдү. 

Тагдырдын оор сыноосуна кабылган эки бир тууган бүгүнкү “Мээрим” программасынын каармандары. Улуусу Нурсултан 6-класстын окуучусу, ал эми Марсель 6 жашта. Алар 4 жыл мурда атасынан ажыраса, апасы өткөн жылдын аягында каза болгон. Жалал-Абаддан келген бир туугандар “Мээрим” көрсөтүүсүнүн жардамы менен кыялындагы адамга кезиккенге мүмкүнчүлүк алды.

POST1RIGHT MEDIA1LEFT
Бүгүн “Мээрим” көрсөтүүсү эфирге чыгып баштаганы жүзүнчү баланын тагдырын тасмага түшүрдү. Коомдук биринчи каналда 3 жылдан бери чыгып жүргөн “Мээрим” программасы Кыргызстандагы кароосуз калган же ата-эне мээриминен ажыраган балдардын тагдырын көрсөтүү менен алардын муктаждыктарын жана кыялдарын орундатып келет. Көрсөтүүнүн негизги максаты балдарга мээрим төгүү.

Балдар программага кат жазуу менен ким менен жолуккусу келээрин айтып өтөт. Бирок, алардын кыялындагы адам баардык эле учурда макул боло бербейт.
Мээрим” көрсөтүүсү Коомдук каналдын эфиринен бир жумада бир берилет. Балдардын кыялын орундатуу үчүн кадр сыртында беш адам иш алып барат.