Бишкек-Ош жолунун айрым жерлери тамтыгы чыгып калды
Новость KTRK/videograp

Эл аралык маанидеги Бишкек-Ош жолунун айрым жерлери тамтыгы чыгып калды. Маселен Төө-Ашуунун түштүк батыш тарабында жолдор тешилип калгандыктан, айдоочулар аң-чөнөктөрдөн качып авариялык жагдайга туш болушууда. Ал эми жүргүнчү ташып иштегендер болсо, унааларынын тетиктери тез тезден бузулуп, ремонттон башы чыкпай жатышканына арызданып жатат.

Шакир Молдалиев 5 жылдан бери Ош-Бишкек жолунда жүргүнчү ташыйт. Чет өлкөлүк кардарларды салганда уялганы болбосо, Төө ашуунун тамтыгы чыккан жолуна көнүп деле калдык дейт. Бирок унаанын тетиктерин тез тезден алмаштырганына ичи ачышат. Демейде акча алмайынча бура бастырбаган тиешелүү кызматтар, жол оңдомойду качан баштайт деп кабатыр.
Шакир Молдалиев, айдоочу:
"Патент, налог дегенде чуркап келишет анан жолду карашпайт".
Ош-Бишкек жолундагы мындай абалга жылуу сөз айткан айдоочу жок. Өзгөчө Төө-Ашуунун түштүк батыш тарабындагы жолдун бир топ жери тешилип калгандыктан, ары бери каттагандар аңга бир түшүп чыкмайынча жөн кетпейт.
 POST1RIGHTАйрым тешиктерге жапыз унаалардын асты илинип калат. Мындайда жолоочулар башкаларга аке жакелеп жатып, сүйөп таяп чыгарышат. Кыскасы тамтыгы чыккан жолдун азабын айдоочулар жакшы эле көрүп жатышыптыр.
Ал эми Төө-Ашуунун так төбөсүндөгү туннелдин ичиндеги жол да жыргатпайт. Качандыр бир мезгилде төшөлгөн бетондор кемирилип, айрым жерлеринде темирлери чыга баштаган. 

Ашуунун башка жеринде айдоочулардан андандар буйттаса бул жерде аны тебелеп отууго аргасыз. Анткени бул жерге эки машина аран батат.
Ашуунун башка участокторун айпаганда да, туннелди карап, оңдоп түзөп туруу үчүн айдоочулар унаасынын көлөмүнө жараша 45 сомдон 270 сомго чейин каражат төлөшөт. Күнүнө жүз миң сомго чейин чогулган акча, бир жылда 32 млн сомдун тегерегин түзөт. Бирок бул каражаттар 3 жарым чакырымга жетпеген жолдун жыртык тешигине жамаачы салып бергенге жетпей жатыптыр.

Төө-Ашуудагы жалпы трассаны ремонтоо иштери күн жылыганда башталат. Жолчулар жыртык тешигин жамап койгон менен, ал бир мезгил өтпөй кайра бузулат. Анан кайрадан жети сегиз ай бою, айдоочулар аңдан дөңгө качып каттап турууга аргасыз.