Жалал-Абад облусунун аймагында диний экстремизмдин алдын алуу максатында тинтүү чаралары болуп өттү. Бул жолу Базар-Коргон, Ноокен райондорунда «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн үгүтчүлөрү делген 8 үйдүн дарегине тинтүү жүргүзүлдү. Натыйжада далил буюм катары китептер менен DVD дисктер алынды. POST1RIGHT
Базар-Коргон районун Жон айылынын тургуну Уларбек Досбаевдин үйү тинтүүгө алынды. Тинтуу учурунда, У.Досбаевтин үйүнөн Хизб-ут-Тахрир уюмунүн үгүт материалы болушу мүмкүн деген 5-даана китеп,1-даана дептер, 5-даана ДВД диск алынды.
Тинтүү Базар-Коргон районун Арстанбап, Кызыл-Үнкүр, Бешик-Жон айыл аймактарында жана Ноокен районунда жургузүлдү. Жалпы 8 үй текшерүү жүрүп, двд дисктер китепчелер алынды. Бул текшерүүгө алынган үйлөрдүн арасынан буга чейин тийиштүү органдары каттоого алган Хизб-ут-Тахрир мүчөсүнүн активдүү катышуучусу, үгүтчүсү деп каттого алынгандары да бар.Бул тинтүүлөр соттун токтомунун негизинде жургузулүүдө. POST2LEFT
"Иш чаранын негизги максаты ошол экстремизм жана терроризм уюмдарга тиешеси бар же таандык болгон жарандардын кылмыштуу иштерин аныктап, далил буюмдарын алуу. Бир топ даректерде далил буюм катары китеп, флешка, ноутбуктар алынды. Чогулган материялдарды экспертизадан өткөруп, кортундусунун негизинде кылмыш иштерин жүргүзөбүз",- деп Жалал-Абад облустук ИИБнын башчысы Жеңиш Жоробеков билдирди.
Диний кырдаалды колго алуу максатында Жалал-Абад областык казяты тарабынан студенттер, ата-энелер жана күч органдары менен биргеликте "Салттуу ислам динибиздин баалуулуктары"аталыштагы конференция болуп өттү. Иш чаранын максаты жаштарды диндеги туура жолго тарбиялоо жана башка туура эмес агымдарга азгырылышына жол бербөө болду.
Жалал-Абад облустук ИИБы тарабынан 2015-жылдан бери 95 дарекке тинтүү жүргүзүлгөн. Мындан сырткары түшундурүү иштеринин негизинде акыркы 4 ай ичинде Хизб-ут-Тахрир уюумунан 7 адам кайткан. Учурда Жалал-Абад облусу боюнча 625 мечит болсо 78и каттоодон өтө элек.Мындан сыртары 6 диний медресе билим берип келет.
О. Уламсадыров, А. Сатаров, КТРК,Жалал-Абад облусу.