Коомчулукка аттын кашкасындай таанымал инсандар жол эрежесин сактоого чакырууда. Тартип ар бир жарандын өзүнөн башталат. Адам канчалык бийик даражалуу болбосун, кайсы жерде иштебесин жол эрежеси баарына бирдей болушу керек дешет алар. Анткени калаадагы жол тыгындары менен күн сайын катталчу кырсык дагы айдоочудан көз каранды. POST1RIGHT
Акын Аалы Туткучевдин унаа башкарганынан 10 жыл болду. Күнүмдүк ишин бүтүрүп, Филормонияга келип кетүүдө шаар көчөлөрүн жакшы эле аралайт. Жол тартибин дайыма сактоого аракет кылат. Эгер эреже бузуп калса, айып пулду дароо төлөйт. Эч качан кадыр-баркын салып, МАИ кызматкерине үстөмдүк көрсөткөн эмес.
Жакында эле социалдык тармакта элди жол эрежесин сактоого чакырган видео-ролик жарык көрдү. Кыргызда аттын кашкасындай таанымал инсандар, өзүлөрүнүн мисалында мыйзамды сактап, элди эрежелерге баш ийүүгө чакырууда.
Чынында даражасына таянып, карапайым унааларды көзгө илбегендер жок эмес. Эреже бузганы аз келгенсип, МАИге дагы баш ийбей, телефон аркылуу маселени чечип же тартип сакчысын коркуткан учурлар көп эле кездешет. Чакырыктын башкы максаты-мына ушул мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюп, тааныш билиш, жакындарын ортого салууну токтотуу. Канчалык бийик даражалуу адам болбосун, жол эрежеси баарына бирдей экенин далилдөө.
Өткөн жылга салыштырмалуу жол эрежесин бузгандар менен унаа кырсыктары 20 пайызга азайган. Эгерде өткөн жылы 1700дөн ашык жол кырсыгы катталып, андан 254 адам көз жумса, быйыл 1467 кырсык катталып, 193 адам өмүрү менен кош айтышкан.
Рулга отурган ар бир жаран өз жоопкерчилигин сезе билиши керек! Жол эрежеси- айдоочунун иштеген ишине, даражасына карабай, баарына тегиз болушу зарыл. Эң башкысы ар бир адам тартип сактоону өзүнөн баштаса, мыйзам иштеп, коомдо адилеттик жаралат.
Н.Ташболотова, Т. Сыдыгалиев, КТРК