«Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун Жалал-Абад облусундагы тарапташтарынан 56 китепче табылды. ИИМден маалымдагандай,Базар-Коргон, Ноокен жана Ала-Бука райондорунда укук коргоо кызматкерлеринен, тескөөчүлөрдөн, тергөө бөлүмдөрүнүн адистеринен жана айыл өкмөт менен кварталдык комитеттердин өкүлдөрүнөн турган биргелешкен топтор түзүлдү.
Алар Базар-Коргон районундагы Арстанбап, Кызыл-Үнкүр, Бешик-Жон айылдарындагы жана Ноокен районунун Ынтымак айылындагы диний экстремисттик уюмдун тарапташтары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Натыйжада радикалдык мүнөздөгү баракчалар, журналдар, компьютер, ноутбук, сим-карт, видеокамера, видеокассета сыяктуу бир топ материалдар алынды.