Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкө инфраструктурасынын Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына жооп берүү абалы менен таанышты. Бул максатта ал кыргыз-казак мамлекетик чекарасындагы «Актилек-автодорожный» көзөмөл-өткөрмө пунктунун жана мал чарбасы менен өсүмдүк продукциясын экспертизадан өткөрүү жана ылаңдардын алдын алуу лабораторияларынын иши менен таанышты.
Чыныбек Ажыбеков тигүү тармагында иш алып бара баштаганына 3 жылдын жүзү болду. Анын ишканасында жаш балдардын кийими тигилет. Өндүрүш ички рынокту гана камсыздабастан, Казакстан менен Орусиянын ири шаарларына да экспорттолот. Маектешим Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу менен бул жерден товар алууга башка мамлекеттер да кызыктар болуп жатканын билдирди.
POST1RIGHT
Мындан улам, ишкананы кеңейтүүнү чечти. Бул үчүн байпак чыгарган өнөктөшү менен биргеликте кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна долбоор жазып, анын алкагында фонддон түзмө-түз берилген каражаттын эсебинен жети жарым миллион доллар насыя алган. Каражат 4 гектар аянтты ээлеп, Токмок шаарында курулуп жаткан кездеме чыгаруучу жаңы ишканага жумшалууда.
POST2LEFT Демек кездеме өзүбүздөн чыга баштаса Кыргызстандын тигүү тармагындагыларга кыйла жеңилдик болот. Маселен, өлкө бүгүнкү күндө кездемени импорттоп алып жаткан Өзбекстан, Түркия сыяктуу мамлекеттер менен атаандашууга шарт түзүлөт. Продукция баа жагынан да, сапаты боюнча да башка мамлекеттерге туруштук бере алаары айтылууда.
Кыргызстан Евразиялык биримдикке киргенден кийин “Актилек-автожол” көзөмөл-өткөрмө каттамында кыйла өзгөрүүлөр болду. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаевдин ырасташынча, Казакстанга чектеш "Актилек" өткөрмө пунктунан күн сайын 2 миңден ашык адам жана 700дөн кем эмес унаа өтөт. Алардын көпчүлүгү жүк ташуучу унаалар. Негизги каттам болгон "Ак-жол" көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу каттаган адамдардын агымы көп болгондуктан, жеңилирээк болсун деп жүк ташуучу унаалардын бул жерден өтүүсүнө тыюу салынып, Ак Тилекке которулган болчу.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чек арадан өтөөрдөгү документ толтуруу процесси менен да таанышты. Жарандар өкмөт башчыга документтерди толтурууга көп убакыт сарпталып, кезек күткөн учур көп болоорун дагы даттанып алышты.
MEDIA1RIGHTМуну уккан өкмөт башчы жагдайды жөнөкөйлөткөнгө дароо камынып, кыска мөөнөт аралыгында бажыкананын ээн турган бекеттерин - мамлекетик чекара кызматынын балансына өткөрүп берүүнү экономика министрлигине тапшырды. Алар Кыргызстан Экономикалык биримдикке киргенден бери бош калып, кызматтык максатта пайдаланылбай турган. Көрсө бүгүнкү күнгө чейин бажы органдарынын бекеттерин мамлекеттик чекара кызматынын балансына өткөрүп берүү процесси жыйынтыктала элек экен. Премьер министр колдогу мүмкүнчүлүктөдү натыйжалуу пайдаланып, көзөмөл-өткөрмө пунктунун инфраструктурасын заманбап талаптарга шайкеш келтирүүгө чакырды.
Кыргыз-казак чекарасындагы бул кошумча көпүрөнүн курулушу совет мезгилинде эле башталган. Бул иш бүтүп калса, "Актилек" бекетиндеги өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуууга шарт түзмөк. Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков транспорт жана коммуникациялар министрлигине кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын аталган тилкесинде кошумча көпүрөнүн курулушун эртерээк аяктоону тапшырды. Ал эми Чүй облусунун губернатору Бактыбек Кудайбергеновго казак тарап менен көпүрөнүн курулушун биргелешип бүткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү активдештирүүгө милдеттендирилди.
Өлкөнүн тийиштүү инфраструктурасын Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына ыңгайлаштыруу жаатындагы түзүлгөн кырдаал менен таанышуу максатында өкмөт башчы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына караштуу республикалык ветеринардык диагностика жана экспертизалоо борборуна дагы барды.
MEDIA2LEFTБорборду кыдыруу учурунда премьер-министр - мындай лабораториялар облус борборлорунда гана түзүлбөстөн, алыскы аймакта жашаган тургундарга ыңгайлуу болушу үчүн башка калктуу пункттарда да түзүлүшү зарыл деп белгиледи. Премьер-министр ошондой эле ЕАЭБ талаптарына ыңгайлаштыруу алкагында лабораторияларды толук сертификат менен камсыз кылуу иши - ушул жылдын 1-августуна карата толук бүткөрүлсүн деп милдеттендирди.
Бул ишти көрсөтүлгөн мөөнөттө бүткөрүү керек. Лабораториялардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн ЕАЭБ алкагында 6 млн АКШ доллары да каралган», - деп эске салды премьер-министр. Аталган 6 млн доллардын 3 млн доллары Ош облусундагы Борбордун ушул сыяктуу лабораторияларын модернизациялоого бөлүнөт. Өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу департаментинин өсүмдүктөр карантини боюнча борбордук лабораториясын кыдыруу учурунда өсүмдүктөрдүн ылаңдарын идентификациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, премьер-министр Ош шаарында курулуучу лабораториянын жаңы имаратынын эскиздик долбоору менен таанышты.
Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков лаборатория кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу зарылдыгына басым жасады. Лаборатория директорунун орун басары Амангелди Исаев белгилегендей, тармактагы негизги көйгөй азыр кесипкөй адистердин тартыштыгы болуп жатат. Айлык маянасы жетишпегендиктен улам мыкты адистер башка тармакка оошуп кеткенге аргасыз болууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана оорулардын алдын алуу департаментинде премьер-министрге эл аралык стандартка ылайык жабдылган лабораториянын иши көрсөтүлдү. Жалпысынан алганда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында бул жерде толук кандуу анализ жүргүзгөнгө бардык шарт түзүлгөн. Лаборатория кызматкерлери жабдуулардын ар-кыл бөлүктөрүн алуу эрежелерин кайрадан карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылышты. Мында негизги көйгөй катары адамдын ДНКсын толук анализдөөгө керектүү жабдуунун жетишсиздиги да айтылды. Жумушчу сапардын жыйынтыгы менен Сооронбай Жээнбеков өзүн коштоп жүргөн өкмөттүк аппараттын тийиштүү бөлүмдөрүнө айтылган бардык маселелерди иликтеп, алардын чечилишин тездетүү тапшырмасын берди.