ЖККУ: биргелешкен машыгуулар
Новость KTRK/videograp

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген өлкөлөрдүн "Издөө-2016" аталышындагы машыгуусу Тажикстанда өтүүдө. Биргелешкен машыгуунун негизги бөлүгү Ляур аскер талаасында өтүп жатканын Россиянын борбордук аскер аймагынын басма-сөз кызматы билдирди. 

POST1RIGHT

Бүгүн жыйынтыкталуучу машыгууга Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларусь, Армения жана Тажикстандан бир жарым миңдей аскер катышууда. 

Маалыматтарга ылайык, мындай окуулар биргелешкен операциялар учурунда аскер күчтөрү менен аскер каражаттарын колдонуунун даярдыгын алдын алат. 

Ошондой эле Борбор Азия аймагындагы террордук багыттагы аракеттерди маалымдап, анализ жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө баа берилет.