Тапкан-ташыганын дары-дармегине жумшап, күн сайын жашоо үчүн күрөшүп келе жаткан жарандар арабызда арбын. Биз сөз кыла турган каарманыбыз бөйрөктүн өнөкөт оорусу менен 3 жылдан бери алпурушуп келет.
Замандашыбыздын абалын социалдык тармактардан билген студенттер ага жардам берүүнү чечкен. "Көп түкүрсө - көл болот" деген жаштардын демилгеси коомчулуктун колдоосун тапты.
Кан сезгениши же васкули́т оорусуна 10 жашында кабылып, 3 жылдан бери өмүрү үчүн күрөшүп келе жатканын айткан Адилет 30 жашта. Оорудан анын бөйрөктөрү жабыркаган. Алгач оорусуна маани бербей жүрүп, бөйрөк жетишсиздигинин оор түрүнө кабылган.
Адилет Кашымбеков, бейтап:
“ 2013-жылы сасык тумоого кабылгандан кийин, билбей эле жүрө бергем. Башым ооруп атат деп дары ичип жүрө бергем. Андан кийин бул жакка келип, анализ тапщырсам, бөйрөгүң иштебей калыптыр дегенден кийин, дарыландым. Бирок, дары деле жардам берген жок. Анан диализге түшүп калдым”.
MEDIA1RIGHT
Учурда жүздөгөн бейтап, бөйрөк алмаштырууга муктаж. Дарыгерлер, ооруга кабылгандар бөйрөктөрүн канчалык эрте алмаштырса, айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болоорун айтат. Кыргызстанда мындай операция жасалбайт. Ал эми чет мамлекеттерде 50 миң доллардан кем эмес каржатка жасалат.
Адилеттин абалы тууралуу социалдык тармактан маалымат алган Улуттук университеттин 2-курсунун студенттери жардам берели деген максатта коомдук уюмдарга, башка жогорку окуу жайларга кайрылган. Алар - ар бирибиз колдон келген жардамыбызды муктаж адамдардан аябасак, түрдүү кыйынчылыкты жеңсек болот,- дешет.
Бөйрөк оорусунун оор жана өнөкөт түрүнө кабылгандардын саны жыл санап өсүп жатканын дарыгерлер айтат. Өлкө боюнча 8 борбордо 74 гана гемодиализ аппараты бар. Андыктан, жардам берүүнү мындан ары да улантабыз деген жаштар, кайрымдуулук иштерин жандантуу аракетинде.