Өнүктүрүү фондунан өзгөчө жеңилдик
Новость KTRK/videograp

Кыргыз орус өнүктүрүү фонду - түзмө-түз бериле турган насыянын пайызын 7ден 4 пайызга төмөндөттү. Ага ылайык, мурдагы баа менен насыя алган кардарлар дагы азыркы шарттын негизинде каражатты кайтарса болот.

Белгилей кетсек, фонд - суммасы жарым миллион доллардан жогору болгон ири долбоорлорду гана түз каржылай алат. Чыныбек Ажыбеков тигүү тармагында иш алып барып жатканына 3 жылдын жүзү болду. Анын ишканасында жаш балдардын ич кийими тигилет. Өндүрүш ички рынокту гана камсыздабастан, Казакстан менен Россиянын ири шаарларына да экспорттолот. 

POST1RIGHT


Мындан улам, ишкананы кеңейтүүнү чечти. Бул үчүн байпак чыгарган өнөктөшү менен биргеликте кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна долбоор жазып, анын алкагында жылдык 7 пайыз үстөгү менен фонддон жети жарым миллион доллар насыя алган. Каражат 4 гектар аянтты ээлеп, Токмок шаарында курулуп жаткан Кыргызстандагы алгачкы кездеме чыгаруучу ишканага жумшалууда. 

Чыныбек Ажыбеков, ишкер:

“Азыр кийим тигүү тармагында жакшы көрсөткүчтөр болуп жатканы менен ишкерлер 100 пайыз сырьену чет мамлекеттен ташып келет. Маселени чечүү үчүн жана өзүбүздүн ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында фондго заявка берилген. Ушул жылдын сентябрь, октябрь айында биринчи продукция алынат”. 
MEDIA1LEFT
Муну менен Кыргызстандын тигүү тармагында кыйла жеңилдик орун алат. Маселен, Кыргызстан бүгүнкү күндө да кездеме импорттоп жаткан Өзбекстан, Түркия сыяктуу мамлекеттер менен атаандашууга шарт түзүлөт. Продукция баа жагынан да, сапаты боюнча да башка мамлекеттерге туруштук бере алаары айтылууда.

Берилген насыялардын пайызын төмөндөтүү чечимин кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ай башында кабыл алды. Ага ылайык, берилчү каражаттын жылдык үстөгү 7 пайыздан 4 пайызга түштү. Белгилей кетчү жагдай, мурда жети пайыз үстөгү менен каражат алгандар деле насыяны төмөндөтүлгөн баа менен төлөсө болот. 


Мындан тышкары, кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жакынкы күндөрү чакан жана орто бизнести доллар түрүндө жылдык 5 пайыз үстөгү менен каржылап баштайт. Каражат негизги үч банктан тышкары, дагы 7-8 коммерциялык банк аркылуу берилмей болду.