Ош эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөр үчүн кеңейтилген жаңы күтүү залы ачылды. Жаңылануу иш-чарасынын алкагында эми аба майданда авто унаалар токтоочу жай да курулат. Бул үчүн каралган бир гектар жерге иш башталаар алдында өкмөттүн атайын токтому чыккан.
Туурасы 113, аянты 900 чарчы метрди түзгөн имарат ичинде жүргүнчүлөр үчүн бардык шарттар каралган. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын заманбап даараткана, пандус-тепкичтер жана электрондук таразалар да орнотулган.
Маалым болгондой, Ош аэропорту жаңы системалар менен иштөөдө аксап келген. Маселен, жүргүнчү жүгүн кол менен алып өтүп, документтерди каттоо иши жазма түрүндө жүргузүлгөн. Демек, жүргүнчүлөр өткөрмө бекетте бир топ убакытка кармалчу.
Искендер Майлиев, ташууларды уюштуруу кызматынын жетекчиси:
"Мурда ар бир жургүнчүгө кеминде 5-7 минутага чейин кароого убакыт кетсе, азыр тейлөөнүн убактысы ашып барса 1 же 2 минутаны түзөт".
Мындай жаңылануу өлкө ичиндеги бардык аба майдандарында жүргүзүлөт. Буга кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан ири сумма каралган.
Оштун аба дарбазасы аркылуу атамекендик жүргүнчүлөрдөн сырткары, Өзбекстандын ,Тажикстандын жарандары Россия, Түркия жана башка мамлекеттерге учушат. Статистикалык маалыматтарга караганда, Ош аба каттамы өткөн жылы 5миң 700дөн ашуун каттамды тейлегенге үлгүргөн. POST1RIGHT Ал эми жүргүнчүлөрдүн саны 1 миллион 200миңден ашкан. Келечекте, авиа бекет жылына 3 миллиондон ашуун жүргүнчүнү тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, дейт Талант Ысаков билдирет.
"Кыргызстанга сырттан турисстер келет. Ошолорго эл аралык деңгээлде тейлөө көрсөтүу максатында заманбап техникалар менен камсыздоо иштерин жургузуп жатабыз".
Ош аба майданындагы тейлөөнүн сапатына жана коопсуздук чараларына өзгөчө көңүл бурулууда. Коопсуздук демекчи, өткөн жылдын ноябрь айындагы "Боинг-737" учагы конуп, тилкеден чыгып кетип, кырсыкка учураган.
Жүргүнчулөрдү сестенткен бул окуядан кийин учуу тилкесин узартуу жана жакшыртуу зарылчылыгы айтылган.
Ибрагим Маматбуваев, аэродром кызматынын башчысы:
"Эл аралык жарандык авиациянын көрсөтмөсүнун негизинде биз, бул аэропортту 2011-жылдан тартып, эл аралык стандартка жараша ыңгайлаштыруунун үстүндө иштөөдөбүз.мындагы учүүчү тилкедеги 45 метрлик кеңдикти 60 метрге жеткирдик,бул дагы кеңейтилет. Муну менен мындан ары Батыш өлкөлөрүнүн Боинг, Аэробасс өңдүү ири учактарын кабыл ала алабыз дегендик".
Өлкөдөгү экинчи ири аэропорт атанган Ош эл аралык аба майданынын имараты 1974-жылы курулган. Андан бери имараттын ичи-сырты таанылгыс өзгөргөн.