Конуштун 61-кварталынын тургундары балдар үчүн оюн аянтчасы катары бөлүнгөн 15 сотых аянт мыйзамсыз негизде жеке адамдарга сатылып кеткенин айтышат.
Ал эми жерди сатып алган жарандар кызыл китебин колуна кармап, үй сала албай убара. 2005-жылдан бери чубактын кунундай чубалып келаткан талаш аянт кимге таандык?
Арча-Бешик жаңы конушунун 61-кварталына тиешелүү 15 сотка аянттын чыры 11 жылдан бери чечилбей келет. Мектеп үчүн бөлүнгөн аянтка удаа жайгашкан бул тилкени жергиликтүү жашоочулар тегерек четин тосуп, балдар аянтчасы кылып жасап алган. Бирок жакында колуна кызыл китеп көтөргөн тарап келип, кум-шагыл түшүрүп, үй сала баштаган. POST1RIGHT
Кубатбек Бариев, №4 муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысы:
"Бул жер мектептин жанынан атайын балдарга деп бөлүнгөн. Бирок тилекке каршы 2005-жылы ошол кездеги Ленин районунун акими Байло тарабынан токтом чыгарылып, 3 адамга бөлүнүп сатылып кеткен. Мына ошондон бери талашып, келе жатабыз".
Нурбек -талаштуу жерди сатып алгандардын бири. 1 млн 242 миң сомго 4 сотка жерди Темирбекова аттуу айымдан баардык документи менен алган. Учурунда каражаты жок үй сала албай жүргөн. Эми болсо жергиликтүү эл каршы чыгып, ортодо калганын айтып, кейип отурат.
Арча-Бешик конушунуна караштуу бул аймакта жалпы 700 түтүн адам жашайт. 92-жылы жер бөлүштүрүү башталган. Мектеп жана спорт аянты үчүн жер тилкелери бөлүнгөнү менен, балдар аянты үчүн делген жер жең ичинен минтип сатылып кеткен. Жергиликтүү тургундар буга чейин келип, үй салабыз дегендерге дагы каршы чыгып, курулушту баштатпай коюшкан.
Азамат Сагындык уулу, Бишкек шаардык мэриясына караштуу турак-жай департаментинин бөлүм башчысы:
"Бул жердин маселеси азыр чечиле элек. Закондуу түрдө кызыл китеби бар адам жеке менчик ээси болуп эсептелет. Бирок эми териштирүү жүргүзүлүшу керек".
11 жылдан бери келе жаткан чырлуу аянтка жеке турак-жай салынабы же балдар үчүн оюн аянтчасы болобу азырынча белгисиз. Ленин районунун улам алмашкан акими мурункусуна шылтап, ортодо жергиликтүү тургундар менен жер сатып алгандар ортосундагы араздашуу уланып келе жатат.