ЕАЭБ: мигранттарга каралган жеңилдиктер
Новость KTRK/videograp

Россияда иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын басымдуу бөлүгү жакшы жумуштарда иштеп жатат. Кара жумуштардан арыла албай келген мекендештерибиз, акыркы мезгилде соода борборлордо, кафе-ресторан жана башка жеңил кесиптерде эмгектенүүдө.

Мира Салиева Москвада иштеген көптөгөн мекендештерибиздин бири. Ал эл-жерин сагынганда кыргыз ырларын угуп чер жазат. Мира айым Россияга 16 жыл мурун келип, андан бери ар башка жумушта эмгектенген. Башында тазалоочу, анан сатуучу, акыркы 5 жылдан тарта айдоочу кесибин аркалап келет. Бир жылдан бери өзүнүн унаасы менен пицца ташыган ишке орношуп алган.
Айдоочу айымдын иш убактысы жарык киргенден баштап, түн ортосуна чейин созулат. Бир аптада бир күн эс алат. Мира Салиева ар бир адам иштейм деп келген соң убакытты текке кетирбей, көздөгөн максаттын өтөөсүнө чыкса болот дейт.   
Мира Салиева, Ош облусунун тургуну: 

“Бул жерде аялдардан жалгыз өзүм иштейм. Күнүнө 2 миң айлык алам. Андан сырткары чайга деп акча беришет. Бала-чака бакканга, өзүбүздүн турмушка арттырганы жетет. Бирок курс ылдыйлап берекеси жок болуп калды".
Ал эми Султан Кадыров 2 жылдан бери Москвада иштейт. Нарындык жигит түрдүү кызматты аркалаган. Учурда Мира айымдын шериги десек болот. Унаасы менен тамак жеткирип иштейт. Султандын айтымында, Россияда жүргөн мекендештерибизге жеңилдиктер сезилип жатат. ЕАЭБ мүчө болгон Кыргызстандын жарандарына артыкчылыктар каралган. Султан мурун ишке орношуу үчүн топ машакатка кабылчубуз деп билдирди.
Мегаполистин 3/1 бөлүгүн камсыздаган пицца болсо Уулкан Айылчиеванын колунан жаралат. Дүйнөдөгү белгилүү азыкты даярдоонун сырын кыргыз кызы жөнөкөй кызматчы болуп жүрүп үйрөнгөн.  POST1RIGHT
Уулкан Айылчиева, Ош облусунун тургуну:

 “Мен биринчи уборка кылчумун ушул жерде, анан пицца жасаганда үйрөндүм. Азыр пицца жасайм. Мен мыкты деген ашпозчулардан үйрөндүм пиццанын сырларын. 2 жылдан бери иштеп келе жатам. Мурун айына 4 миңден патентке төлөп иштечүмүн. Азыр каттоого туруп койсоң болду, иштей бер".
Кыргызстан ЕАЭБ мүчө болгонуна бир жылга чукулдап калды. Андан бери орус бийлиги Кыргызстандык мигранттарга карата миграциялык саясатын жөнөкөйлөткөн. Азыр ишке орношууга уруксаат кагазы же патент талап кылынбайт. Каттоо мөөнөтү мурдагыдай жети күн болбой 30 күнгө чейин узарган. Мындан сырткары билими туурасындагы документтер таанылат.