Троллейбустарга акысыз Wi-Fi орнотулду
Новость internet

Бишкек шаарындагы 3 троллейбуска акысыз Wi-Fi байланышы орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Wi-Fi роутерлер №8, 10 жана 11-троллейбустук каттамдарга TEZ компаниясы тарабынан орнотулган.

 “Бул шаардагы коомдук унааларды интернеттик байланыш менен камсыз кылуунун алгачкы кадамы”,-деп билдирет шаардык мэриядан. 

TEZ деп аталган көп функционалдуу мобилдик түзүлүш, колдонуучулар коомдук транспорттун убакыт-сааты тууралуу онлайн режиминде маалымат алууга ылайыкталган. Бирок, роутерлерди башка троллейбустарга да орнотуу тууралуу чечим азырынча кабыл алына элек.