Өткөн жылдын август айында жоголгон чек арачы дагы эле табыла элек. Жоголгон жоокердин кызматтынын бүтүшүнө бир жарым ай калган. Баланын ата-энеси мамлекеттик органдардын тиешелүү аракеттерди көрбөй жаткандыгын билдиришүүдө. Жоголгон 1996-жылы туулган Бексултан Баридинов Кыргыз -тажик чек арасындагы Карамык тозотунда кызмат өтөп жүргөн. Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы издөө иштери дагы эле уланып жаткандыгын айтышууда.