Кыргызстанда 2014-жылы бир нече жасалма фирмаларды ачып, өлкөдөн 5 миллиард сомдон ашуун каражатты чет өлкөгө чыгарып кеткен кылмышкер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирүүдө. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны арам акчаларды адалдоо максатында Турция, Дубай, Кытай, Эстония жана башка өлкөлөргө которгон. Азыр бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда.
Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө эле саясатчылар менен бизнесмендер арам акчаны адалдоо схемаларын колдонуп келет. Мындай схема бул жолу Кыргызстанда дагы катталып, кылмышкер кармалган. Өлкө жараны 2014-жылдын июлунан декабрына чейинки аралыкта жасалма фирмаларды түзүү менен өлкөдөн мыйзамсыз 5 миллиарддан ашуун сомду чыгарып кетүүгө үлгүргөн. Ал кылмыштуу акчаларды Турция, Дубай, Кытай, Эстония, Орусия сыяктуу өлкөлөргө которгон. Бул багытта Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканын мекеменин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев «Биринчи радиого» маалымдады.POST1RIGHT
Мындай учурда кылмышкердин иши далилденсе сегиз жылдан он жылга чейин жазаларын юрист, талдоочу Борон Жаанбаев айтат. Буга чейин экстремизм-терроризмди каржылоо боюнча иштер көбөйгөндүктөн, кылмыш-жаза кодекстинде арам акчаны адалдоо боюнча жоопкерчилик күчөтүлгөн. POST2LEFT
Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көрсөткүчү боюнча ар кандай сандар айтылып келет. Расмий маалыматтарда анын көлөмү 40 пайызга жеткени айтылса, көз карандысыз эксперттер бул көрсөткүч дээрлик 50 пайызга барабар дешет. Кыргызстан эгемендигин өз колуна алгандан бери көмүскө экономиканын натыйжасында казынага 2 млрд доллардан ашуун каражат түшпөй калган. Соңку кезде ишкерлерди көмүскөдөн чыгаруу аракети күчөтулүп жатканын айткан Экономика министрлигинин бөлүм башчысы Насирдин Шамшиев, бул жерде ишкерлердин жоопкерчилигинде дагы маселе жатканын белгилейт. POST3RIGHT
Көмүскө акчалар айрыкча мамлекеттик сатып алууларда, патент алуу, базарларда, тамактануучу жайлардын кирешесин жашыруусунда жана тейлөө, курулуш, соода-сатык тармактарында айланат. Ага шарт түзүүдө салыкчылардын орду өзгөчө .
Мындан сырткары жергиликтүү серепчилердин айтымында, тартип коргоо органдары дагы мурун пара алууга көбүрөөк ыктаган болсо, азыркы кезде көмүскө экономиканы калкалоо менен пайда көрүүгө өтүүдө. Экономика илимдеринин кандидаты Анарбек Абдыжапаровдун баамында, көмүскө экономиканы көбүнчө бийлик бутактарында олтурган көмүскө бизнесмендер коргошот.
Дагы бир жагдай катары эксперттер көптөрдүн байлыгын ачыктоого барбай жатканын айтышуда. Себеби байлыгын ачыктаган соң, киреше булагын дагы көрсөтүүгө туура келип калат.
М.Абдраманова, “Биринчи радио”