Дүйнөлүк каатчылык Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөргө кедергисин тийгизип, анын эпкини Кыргызстанга да тийип жатат. Адистердин айтуусунда, эгерде өлкө ЕАЭБдин курамына кирбегенде, экономиканын абалы мындан да оор болмок. Ал арада бүгүн Бишкекте “Евразиялык экономикалык келечек” аттуу эл аралык форумунун өтөөрү белгиленип, ага Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Сергей Нарышкин катышуусу күтүлүүдө.
Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуп, анын эрежелери менен жашаганына жарым жылдан ашык убакыт өттү. Өлкөдөгү тигүү тармагында эмгектенген ишкерлер бажы биримдигине кирүү менен өнүгүүгө шарттар түзүлөт деген илгери үмүт болгон . Бирок, маалыматтар боюнча 2015-жылдын жыйынтыгында тигүү тармагынын көлөмү азайгандыгы байкалды. Бирок, ага дүйнөлүк каатчылык таасир тийгизип жаткандыгын экономика министрлигинин жеңил өнөр жай жана башка тармактар бөлүмүнүн башчысы Фатима Исагулова “Биринчи радиого” билдирди. POST1RIGHT
Ошондой болсо да өлкө дүйнө каатчылыгынын таасирин азайтуу аракетин көрүп жатат. Евразиялык экономикалык комиссия коллегиясынын мүчөсү, министр Данил Ибраевдин айтуусунда, Евразиялык экономикалык биримдик бир катар жеңилдиктерге жол ачкан.
ЕАЭБдин алкагында коңшу Казакстан менен санитардык-фитосанитардык көзөмөлдөрдү жеңилдетүү боюнча маселелер жолго коюлуп жаткандыгын экономика министри Арзыбек Кожошев белгилейт.POST2LEFT
Ошентип, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин курамына киргенден бери иш акырындык менен жолго коюлуп, өлкө башкалардай эле дүйнөлүк каатчылыктын кесепетин дагы тартууда. Ошол эле учурда , Кыргызстан биримдикке кошулбаганда абал мындан дагы оор болмок деп божомолдойт экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев.
Ал арада, бүгүн Бишкекте “Евразиялык экономикалык келечек” аттуу эл аралык форумду өткөрүү пландаштырылды. Ага Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын төрагасы Сергей Нарышкиндин катышуусу күтүлүүдө.
Форумдун ишине ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин депутаттары, кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын, бизнес коомчулуктун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышат.
Г. Усенова, “Биринчи радио”